This post is also available in: English (Англисче) Русский (Орус)

Full Cambridge Pathway at great value

Эл аралык “Силк Роад” мектебинин окуу акысы

Коммерциялык эмес уюм катары, SRISтин окуу акысы Бишкектеги бардык аккредитацияланган Кембридж Эл аралык мектептеринин ичинен эң төмөнкү баа болуп саналат. SRIS мектеби Кембридждин башталгыч классынан баштап, Кембридждин жогорку классына чейин Кембридждин толук окутуу программасын эң сонун баада сунуштайт.

Эл аралык “Силк Роад” мектебинин окуу акысы 2022-2023

Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан Эл аралык “Силк Роад” мектебинин 2022-2023-окуу жылы үчүн жылдык окуу акысы.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баардык баалар сом менен көрсөтүлүшү керек.

АКШ долларында көрсөтүлгөн баалар ($) маалымат үчүн гана. (Төмөндөгү жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу маалымдоону окуңуз).

Башталгыч жана орто класстар

1- 8-класстар

СОМ

530 000

Бир жылдык окуу жылы үчүн

Кембридж
Жогорку класс

9-12-класстар

СОМ

553 000

Бир жылдык окуу жылы үчүн

Жеңилдиктер жана кошумча төлөмдөр

Каттоо акысы: 26 000 сом ( 0)

Биздин мектепке биринчи жолу окуучуну каттоодон өткөргөн учурда, каттоо акысы үчүн 26 000 сом төлөнөт. Бул окуу акысын төлөө аркылуу сиздин ордуңузга кепилдик берилет. Окуу акысы үчүн төлөм каттоо учурунда төлөнөт.

Жетишкендик үчүн жеңилдиктер: 30%-50%

Ар бир класстын эң мыкты үч окуучусу (2-класстан 10-класска чейин) «Академиялык жетишкендиктери үчүн жеңилдик» алышат:

  • 1-окуучу: 50%
  • 2-окуучу: 40%
  • 3-окуучу: 30%
Бир туугандар үчүн жеңилдиктер: 10%

Эл аралык “Силк Роад Интернэшнл Скул” мектебинде бир үй- бүлөдөн бирден ашык бала окуса, бир туугандар учүн 10% жеңилдик берилет.

Баа кепилдиги
Биздин максатыбыз – сизге эң төмөнкү тизмедеги бааны сунуш кылуу жана аны бардык үй-бүлөлөрүбүзгө адилеттүү түрдө сунуштоо. Ошондуктан биз төлөм акы түзүмүбүздү кайра эсептеп, жөнөкөйлөштүрдүк.

Балаңыздын билим алуу мөөнөтү учурунда, жалпы чыгымдарыңызды эсептөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн биз баа кепилдигин сунуштайбыз. Эгер биз жаңы келишимдер үчүн бааларды жогорулатууга же комиссия акысы менен бирге жеңилдик түзүмүн өзгөртүүгө мажбур болсок дагы, сиздин төлөм акыңыз ошол бойдон калат.

Оку: “Азыркы учурдагы келишим -шарттар боюнча жогорку класстын окуу акысы” Азыркы келишимдеги баанын айырмасын качан орто класстан жогорку класска өзгөрүү богон кезде белгилейбиз.

Эскертүү: Шарттуу чектөөлөр колдонулат.

Башка жеңилдиктер

Менчиктин өзгөрүшү менен биз төлөм түзүмүбүздү кайра эсептеп, жөнөкөйлөштүрдүк. Биздин максатыбыз – сизге эң төмөнкү тизмедеги бааны сунуш кылуу жана аны бардык үй-бүлөлөрүбүзгө адилеттүү түрдө сунуштоо.

“Ишенимдүүлүк жеңилдик” сыяктуу мурунку жеңилдиктер сиздин келишимиңиздин мөөнөтү үчүн учурдагы окуу акысынын кепилдигине айландырылды. Бул сиздин балаңыздын билим алуу мөөнөтү үчүн жалпы чыгымдарыңызды эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Бул эски жеңилдиктерди мындан ары жаңы келишимдерди түзүү учурунда колдонууга мүмкүн эмес.

Ошондой эле окуңуз: «Азыркы учурдагы келишим-шарттар боюнча жогорку класстын окуу акысы».

Төлөм жеңилдиктери: 10%-15%

Жылдык алдын ала төлөмдөр үчүн жеңилдиктер бар. Жеңилдиктер накталай төлөм негизинде берилет ( башка бардык колдонулуучу жеңилдиктерден кийин).

  • 2021-жылдын 31-майына чейин жылдык окуу акысынын төлөмдөрүн толук төлөө: 15%
  • 2021-жылдын 20-августуна чейин жылдык окуу акысынын төлөмдөрүн толук төлөө: 10%
Төлөө убактысы

Төлөмдөр ар бир чейректин башталышына 10 күн калганда жүргүзүлүшү керек. Эгерде калган сумманын төлөмү өз убагында төлөнбөсө, учурдагы бардык жеңилдиктер өз күчүн жоготот жана автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

Жеңилдиктерди бириктирүү мүмкүн эмес жана туруктуу абалды талап кылынат.

Төлөм жеңилдигинен башка жеңилдиктерди бириктирүү мүмкүн эмес.

Эң жогорку деңгелдеги жеңилдик колдонулат!

Мисал: Эгерде кандайдыр бир академиялык жетишкендик жеңилдигине жетишсе , учурдагы бир туугандык жеңилдиги жокко чыгарылат жана жогорку академиялык жетишкендик жеңилдиги гана колдонулат.

Туруктуу абал: Жеңилдиктер өткөн жана азыркы учурдагы окуу жылынын төлөмүн өз убагында төлөгөн жана баласы дисциплинардык жазага тартылбаган үй-бүлөлөргө гана берилет.

Мектеп формасы : 13 000 СОМ

Эл аралык “Силк Роад” мектебинде мектеп формасын кийүү милдеттүү. Мектеп формасы толук комплект менен арзандатылган баада берилет.

Кембриджтин официалдуу сынактары: $ 100 ( 8.500 сом)

Кембриджтин официалдуу сынактарынын төлөм акысы Кембриджге төлөнүшү керек. 2022-2023-окуу жылына, 9-класстан баштала турган IGCSE группасы үчүн жана ага кошумча жетиге чейинки IGCSE сынактарынын баасы мектеп окуу акысынын төлөмүнө киргизилет.

Транспорт: 30 000 сом – 40 000 сом.

Мектеп транспортун биздин өнөктөшүбүз болгон “ Таргет Логистик”тарабынан камсыз кылынат. Ата-энелер Таргеттин өкүлдөрү менен келишимге кол коюсу керек. Баа сиздин үйүңүздүн жайгашкан жерине жараша өзгөрүп турат жана Таргет тарабынан эсептелинип, андан кийин белгиленген баа коюлат.

Берилген баа келишимдердин басымдуу бөлүгүн чагылдырат жана маалыматтык максатта сизге болжолдуу көрсөткүчүн көрсөтүү үчүн гана берилет. Биз келишимдик партнёр (шерик) болбогондуктан, бул сунушту билдирбейт.

Берилген баа көрсөткүчү болжолдуу бир жылга $ 350 – $ 470 барабар

Учурдагы келишим-шарттар боюнча жогорку класстын окуу акысы

Кембридж IGCSE жана Cambridge Advanced Level программасын камсыз кылуу, кошумча манилүү каражаттарды талап кылат. Ошондуктан бизде жогорку класстардын окуу акысы жогору.

2022-2023-окуу жылына 9-класстан баштала турган IGCSE группасы үчүн жана ага кошумча жетиге чейинки IGCSE сынактарын баасы мектеп окуу акысынын төлөмүнө киргизилет. Мурда бул IGCSE группалары үчүн төлөмдөр түздөн-түз Кембриджге төлөнүшү керек болчу.

Азыркы келишимде 2022/2023-окуу жылы үчүн 8-класстан 9-класска өткөн окуучулардын окуу акысынын өсүшү:

  • 51.000 сом ( 0)
Frequently Asked Questions about our school fee

КБС

Көп берилүүчү суроолор

Эмне үчүн жогорку класстын баасы көтөрүлдү?

Натыйжалуу түрдө бул андай эмес. Мурда Кембриджде официалдуу сынак төлөмдөрү SWIFT которуу аркылуу түздөн-түз Кембриджге төлөнүшү керек болчу. Бул банк аркылуу которуулар көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн абдан көп кыйынчылыктарды жараткан.

2022-2023-окуу жылына 9-класстан IGCSE баштап жаткан группа, IGCSE сынактарын тапшырууга милдеттүү болуп калат жана жетиге чейинки IGCSE сынактарын баасы мектеп окуу акысынын төлөмүнө киргизилет. Бул биринчи жолку катышууну камсыздайт, бирок сынактарды кайра тапшырууга эмес.

Эмне үчүн жогорку класс кымбатыраак?

Кембридж IGCSE жана Cambridge Advanced Level программасын камсыз кылуу, кошумча манилүү каражаттарды талап кылат. Ошондуктан бизде жогорку класстардын окуу акысы жогору.

Ошондой эле, 2022-2023-окуу жылына 9-класстан IGCSE баштап жаткан группа үчүн Кембридж IGCSE сынактарынын баасы мектеп окуу акысынын төлөмүнө киргизилген. Мурда бул IGCSE группалары үчүн төлөмдөр түздөн-түз Кембриджге төлөнүшү керек болчу.

АКШ доллары менен төлөй аламбы?

Жергиликтүү валюта – Кыргыз Сом (KGS). Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бардык баалар сом менен көрсөтүлүшү керек, бул жеке келишимдер үчүн баштапкы валюта болуп саналат.

Сураныч, жеке муктаждыктарыңызды биздин бухгалтерия бөлүмү менен сүйлөшүңүз.

A boy at SRIS kindergarten drawing a landscape.

Бала бакча окуу акысы

”Силк Роад Бала бакчасы” деген ат менен биз мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары чектелүү болгон имарат менен бала бакчаны камсыз кылабыз. Бир туугандары “SRIS”де окуган үй-бүлөлөргө жеңилдик берилет.

2022-2023 -окуу жылы үчүн SRIS бала – бакчасынын окуу акысы

2022-2023-окуу жылы үчүн Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан “Силк Роад Балдар Бала- бакчасынын” жылдык окуу акысы.

SRISтин бала бакчасы

Бала бакчага чейинки жана 0 класс
СОМ

420 000

00)

Бир жылдык окуу жылы үчүн

КБС

Көп берилүүчү суроолор

Бардык баалар кыргыз сомунда көрсөтүлгөн.
Жергиликтүү валюта – Кыргыз Сом (KGS). Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баардык баалар сом менен көрсөтүлүшү керек.

Официалдуу баасы (мисалы, Кембридж төлөмдөрү) түпнуска валютада келтирилген, анткени биз бул нерселерге эч кандай таасирибиз жок жана акчаны алуучу эмеспиз.

Кайсыл жерде АКШ доллары ($) көрсөтүлсө, ал маалыматтык максатта гана колдонулат жана учурдагы алмашуу курсуна жараша болот. Бул нерсенин бирден-бир максаты — кыргыз сомун жакшы билбеген чет элдиктер үчүн биздин сунуштарыбызды баалоону жеңилдетүү. АКШ долларынын баа белгилери (котировкалар) сунуш болуп саналбайт.