This post is also available in: Русский (Орус)

SRIS Admissions are open - Register Now - Cambridge International School

Келе жаткан окуу жылына катталыңыз

Эл аралык “Силк Роад Интернэшнл Скул” мектеби 2022-2023 окуу жылына карата, Ишемби күнү, 2022-жылдын 16-апрелинде жаңы окуучуларды кабыл алуу үчүн өз эшигин ачат. «SRIS» – бул окуучуларга жеке колдоо көрсөтүүчү чакан мектеп. 11-кичирайондо коопсуздук менен камсыздалган, үй-бүлөлүк атмосфераны сунуштаган мектеп. Биз бала бакчадан баштап Кембридждин A-Level жана 12-класска чейинки билим берүүнү сунуштайбыз.

We give your child a competitive edge in a globalized world - Silk Road International School - Cambridge International Examination

SRIS жөнүндө

Силк Роад Эл Аралык Мектеби жаш окуучуларга жоопкерчиликти, ак ниеттүүлүктү жана өзүн өзү мотивациялоону өнүктүрүүгө эң жакшы стимул берет. «SRIS» – көз карандысыз, жеке менчиктеги Кембридж эл аралык мектеби.

Биз – Cambridge Эл аралык мектебибиз, Cambridge IGCSE деңгээлин жана Cambridge A-Level деңгээлдерин сунуштайбыз. Биз 1999-жылдан бери Эл аралык “Silk Road” мектебинде Кембридждин окуу программасын окутабыз.

 

Ар бир жума күнү: Кабыл алуу күнү

Интервью жана кабыл алуу сынактары

Ар жума күнү биз сизди 09:00дөн 13:00гө чейин каттоосуз тосуп алабыз. Сураныч, таасир алуу үчүн мектепке барыңыз жана биздин директор же координаторлор менен жолугуп, сүйлөшүңүз. Ошол күнү кабыл алуу экзамендерин тапшыра аласыз.

Болгону 5-8 орун бош

Биздин орундар тез эле толуп жатат. Көпчүлүк класстарда бештен – сегизге чейин гана орун бар. Биздин мектепте балаңызга ордун камсыз кылуу үчүн тез арада аракет кылыңыз. 

Кабыл алуу күнүнүн даталары

Кабыл алуу күнү жайкы каникул башталганга чейин өткөрүлөт. Бул пландаштырылган жума күндөрү:

  • 20.05.2022
  • 27.05.2022
  • 03.06.2022
  • 10.06.2022

Мектепке кабыл алуу тартиби

Ар бир окуучу жана үй-бүлө мүүчөөлөрү менен маектешүү жүргүзүлөт. Ушундай жол менен биз сиздин үй-бүлөңүздүн абалын жана балаңыздын билим алуу муктаждыктарын түшүнөбүз.

Кээ бир окуучулар SRIS мектепке кабыл алуу экзамендерин тапшырышы керек. Биз алардын англис тилин жана математика боюнча жөндөмүн баалайбыз. Бул жыйынтыктар, негизинен, пландаштыруу жана Кембридж системасына кошулган окуучулар үчүн оптималдуу колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

Кыргыз же орус тилдүү мектептерден которулуп келген окуучулар үчүн англис тили атайын интенсивдүү окутулат.

Биздин Академиялык программабыз окуучуларга математика жана илимий сабактар боюнча жетишүүгө жардам берет.

Кембридж мектебинин окуучулары бошотулат

Башка Кембридж Эл аралык мектебинен которулган окуучулар кабыл алуу сынактарынан бошотулат. Болгону интервью гана өткөрүлөт.

Мектеп презентациясы жана мектеп менен тааныштыруу

Биздин өкүлүбүз мектептин айланасын көрсөтүп, SRIS эмне менен камсыз кылгандыгы тууралуу жалпы маалымат берет. Ошондой эле ата-энелерге мектепти көрсөтүп, биздин мектепте билим алуунун келечеги тууралуу толук маалымат алууга чакырабыз.

Башталгыч, орто жана жогорку, Кембридж IGCSE программабыздын координаторлору сиздин балаңыздын билим алуудагы жетишкендиктери жана биздин программабыздын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө терен маалымат бере алышат.

Жеке көрүшүүдө, Эл аралык “Silk Road” мектебинин директору Шелли Гупта сиздин суроолоруңузга жооп берет.

Келишим менен окуу жайга кабыл алуу

Азыркы учурда окуп жаткан окуучуларыбыз 15-апрелге чейин келишимдерди жаңылап, кийинки жылга келишим түзүүлөрү керек. Кабыл алуу бардыгы үчүн ачык жана сизидин балаңыздын орду каалаган убакта башка талапкерге буйруп калышы мүмкүн. 2022-жылдын 16-апрелинен тартып, калган бардык орундар жалпы кабыл алуу үчүн ачылып, “биринчи келген, биринчи тейленет” негизинде каралат.

Эгерде сиз SRISдин ата-энеси болсоңуз жана дагы эле келерки жылга келишимге кол кое элек болсоңуз, анда сизге келишимди узартып, 45 000 сом депозитти мүмкүн болушунча тезирээк төлөө сунушталат.

 

Silk Road эл аралык мектеби жөнүндө

Эл аралык “Силк Роад Интернэшнл Скул” , SRIS катары да белгилүү, ал 1999-жылы түзүлгөн жана жаңы эл аралык лидерлер командасы менен 2020-жылдын июнь айынан бери көз карандасыз жеке инсандын менчигинде.

SRIS – бул тандалган окуучуларга жеке колдоо көрсөтүүчү чакан мектеп. Биздин мектеп 11-кичирайондо жайгашкан жана сапаттуу билим берүүнү, үй-бүлөлүк атмосфераны камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды сунуштайт.

SRIS мектебинин окутуу тили англис тили болгондуктан, окуучуларга кыска убакыттын ичинде англис тилин өздөштүрүүгө жакшы шарттары түзүлгөн. SRIS- сертификатталган эл аралык Кембридж мектеби болгондуктан, башталгыч мектебинен баштап Кембридж Advanced деңгээлине чейин толук Кембридж жолу сунушталган. Биздин окуучулар Cambridge IGCSE же Advanced Level денгээлдери менен бүтүрүшөт.

«SRIS» жергиликтүү мектептердин сабактарын окутууга басым жасайт жана тез өнүгүп жаткан саякат, туризм жана дене тарбия боюнча IGCSE программаларын сунуштайт.

Cambridge Primary at great value at Silk Road International School

Башталгыч мектеп

Биринчиден бешинчи класска чейин: Биздин программа 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн.

All lessons in English at Cambridge Silk Road International School

Орто мектеп

Алтынчыдан сегизинчи класска чейин: 10-14 жаштагы балдар үчүн биздин орто билим берүү программабыз.

Internationally accepted Cambridge IGCSE diploma

Орто мектептин жогорку класстары

Тогузунчу- онунчу класска чейин: Биздин бүтүрүү программабыз 14 жаштан жогорку өспүрүмдөр үчүн.

Cambridge graduation at great value. Get the full Cambridge pathway program at Silk Road International School Bishkek.

Жогорку мектеп

Cambridge Advanced – бул университетке жана жогорку окуу жайларына даярдануу үчүн тереңдетилген билимге муктаж болгон 16 жаштан 19 жашка чейинки окуучулар үчүн даярдоо программасы. 

Cambridge High School supports to take the Kyrgyz attestat in 11th grade

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

Биз толугу менен Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланганбыз, ошондуктан биздин окуучулар 9-11-класстарда мамлекеттик аттестациядан өтүшөт.

Full Cambridge Pathway throughout all grades

Кембридж окутуу жолу

Кембридж Эл аралык мектеби катары биз башталгыч мектебинен Кембридж Advanced деңгээлине чейин толук Кембридж жолун сунуштайбыз.