This post is also available in: Русский (Russian) Кыргызча (Kyrgyz)

“Баламды кайсы мектепке берем?” деген ата-энелерге кеңеш берилди

Баламды кайсы мектепке берем? Мындай суроо менен мектеп жашына келген баласы бар ар бир ата-эне өзүнө кайрылат. Себеби, сапаттуу билим берүүчү мектепти тандоо менен алар баласынын мындан аркы кадамдарынын ийгиликтүү болушуна шарт түзөт. Жоопкерчиликтүү чечим чыгарууда ата-энелер бир топ тоскоолдуктарга туш болоору талашсыз. «Силк Роад» эл аралык мектеби тарабынан уюштурулган “Билим берүүнүн негиздери” аттуу семинарга чогулган катышуучулар мына дал ушул маселелерди чечүүнүн жолдору менен таанышышты.

Бишкекте жалпысынан 187 менчик мектеп бар. Алардын ар биринин билим берүү системасы ар башка сезилгени менен, окшош жактары да көп экенин байкоого болот. Бул критерийлер, ата-эне жана балдардын чечимине таасир тийгизет. Бүгүнкү семинарда катышуучулар мамлекеттик же жеке мектептерде тил курстарын кошуп окутуу туурабы же эл аралык мектепке өткөн жеңилби? Мектепти тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Кайсы мектеп керектүү билим бере алат жана кимдер жөн гана куру убадаларга ишендире тургандыгы тууралуу да маалымат алышты.

Чет тилин билүү заманбап дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн биринчи орунда турат. Кээ бир ата-энелер балдарын кенедейинен башка тилдерди үйрөтүүчү курстарга беришет. Бул аракеттер натыйжасыз болуп калган учурлар да бар. Силк Роад эл аралык мектеби 1996-жылдан бери көп тилдүү билим берүүнү сунуш кылган Бишкек шаарындагы билим берүүнүн баштоочуларынын бири катары бул семинарда өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ата-энелер балдарына табигый жол менен бир нече тилди кандай жол менен жеңил өздөштүрүүгө жардам бере алаарын түшүндүрүштү. Бишкекте эл аралык акредитациядан өткөн мектептер менен катар, жөн гана аты менен гана таанымал билим берүү мекемелери бар. Ал эми баласы мектепти аяктаган соң, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларында билим алууну улантуусун каалаган ата-энелер четтен чыгат. Бүгүнкү иш-чарада бул маселе да козголбой койгон жок. Тажрыйбалуу мугалимдер чет өлкөдөгү окуу жайларды туура тандоо, алар койгон критерийлер жана балдардын ал жакта ийгиликтүү билим алуусунун сырлары тууралуу айтып беришти.